Жаңылыктар
Милиция кызматкерлерине кол көтөргөндөргө карай соттун чечими чыкты
Кылмыш
Милиция кызматкерлерине кол көтөргөндөргө карай соттун чечими чыкты

Жалал-Абад шаардык соту милиция кызматкерлерине кол көтөргөн Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургунунун баш коргоо чарасын карады. Соттун чечимине ылайык, 6 жаран тергөө абагында 2 ай, 9 киши 1 айга камакта болот. 

Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү органдар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Эске салсак, 5-ноябрда Чаткал районунун 15 тургуну милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген. Аталган факты боюнча "Бейбаштык" жана "бийлик өкүлүнө кол көтөрүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында өздүгү аныкталган жактардын бардыгы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, тергөө иш-чараларын өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.