Жаңылыктар
Кубатбек Боронов катуу шамалдын кесепетин жоюу иштеринен кабар алды
Өзгөчө кырдаал
Кубатбек Боронов катуу шамалдын кесепетин жоюу иштеринен кабар алды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ысык-Көл облусундагы катуу шамалдан жабыркаган объектилердин абалы, аларды калыбына келтирүү боюнча чаралар менен таанышты. Эске салсак Балыкчы шаарындагы №5 орто мектептин 550 чарчы метр чатыры бузулган, ал эми Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин 75 даана шифери талкаланган. 

Боронов катуу шамалдан жабыркап, жараксыз абалга келген турак жайды көрүп чыкты. Үй ээлеринин айтымында, алар үйүн камсыздандырышкан, эми аны калыбына келтирүү үчүн тийиштүү төлөмдү күтүүдө. Мындан сырткары, Ысык-Көл районундагы катуу шамалдан улам жогорку кубаттуулуктагы электр мамычалары жабыркаган. 

Кубатбек Боронов Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда катуу шамалдан жабыркаган бир катар социалдык объектилерди кыдырды. Өкмөт тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине абалды ыкчам жөнгө салууга тапшырма берилди