Жаңылыктар
Адамкул Жунусов Азербайжандын аэропортунан кармалганы кабарланды
Кырсык
Адамкул Жунусов Азербайжандын аэропортунан кармалганы кабарланды

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Азербайжандын аэропортунан кармалганы кабарланды. Мындай маалыматты Азербайжандын “Новая эпоха” интернет-порталы жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Жунусов Азербайжандын борбору Баку шаарында аба майданынан кармалган. 

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Жунусовго сыртынан айып тагылган. Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турган учурунда, мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тартканын билдирген. Учурунда ага издөө жарыяланып, Биринчи май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.