Жаңылыктар
С.Нарышкин: ЕАЭБ кирген мамлекет жарандарынын укугу бирдей
Экономика
С.Нарышкин: ЕАЭБ кирген мамлекет жарандарынын укугу бирдей

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан Орусияга барган кыргыз мигранттарынын саны 2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин «Евразиялык экономикалык келечек» форумунда билдирди. Ошондой эле, мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасынын суммасы да көбөйгөн.

 

Маселен, өткөн жылы чет элдик валюта менен Орусиядан эле 1 миллиард 490 миллион доллар келген. Муну менен ЕАЭБдин алкагында жумушка орношуу жеңилдеп, уюмга кирген мамлекеттердин баардык жарандары бирдей укуктуу болду дейт Нарышкин. 

Мындан тышкары, кызматташуу келишимине ылайык экономиканы, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган “жол картаны” иштеп чыгуу үчүн Орусия Кыргызстанга 290 млн доллар салган. 

Ошондой эле, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да түзүлгөн. Нарышкин сөзүн жыйынтыктап жатып, Казакстандын президенти 2016-жылды “ЕАЭБ мамлекеттеринин кызматташтыгы” деп жарыялаганын билдирди. Муну менен уюмга кирген мамлекеттердин экономикасында дагы секирик болот деди төрага.