Жаңылыктар
5-декабрь таланттуу актёр С.Жумадыловдун туулган күнү
Маданият
5-декабрь таланттуу актёр С.Жумадыловдун туулган күнү

Советбек Жумадылов 69 жылдык өмүрүндө театр менен кинодо комедия менен драманы бирдей ойноп, кайталангыс ролдорду жаратып, убагында Кыргызстандык гана эмес чет өлкөлүк көрүүчүлөрдүн да сүймөнчүлүгүнө айланган.

Советбек Жумадылов кино жана театр үчүн жаралгандай. Комедия, трагедия, драма болобу ар бир ролго башы оту менен кирип, жан дүйнөсүнөн өткөргөн. Таланттуу актер өмүрүнүн акырына чейин Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында эмгектенип, жүздөгөн классикалык чыгармаларда ойногон. Шекспирдин Отеллосун, Омор Хаямды, Ричарды, Кылым карытар бир түндө Эдигейдин ролу кыргыздын улуттук сахна өнөрүндө өтө жогору бийиктикке чыккан образдар болуп саналышат. Айрыкча, Жумадылов жараткан легендарлуу грек тамсилчиси Эзоптун образы жеке гана артисттин ийгилиги эмес, жалпы эле кыргыз улуттук сахна өнөрүндөгү этаптуу көрүнүш болуп эсептелет.