Жаңылыктар
Транспорт жана жолдор министринин орун басары пара менен кармалды
Коррупция
Транспорт жана жолдор министринин орун басары пара менен кармалды

Транспорт жана жолдор министринин орун басары А. Ж. аттуу адам 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ал 5-декабрда козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Министрдин орун басары жол куруу жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү тендеринде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргомок. Ал ошол тендердик компаниянын төрагасы болуп, акча берген чет элдик компанияны калкалап турганы айтылат.

"Министрдин орун басары чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Анын бир бөлүгүн, тагыраак айтканда, 120 миң долларын мурдараак компаниянын өкүлдөрүнөн ортомчу аркылуу алган. Ал ортомчулар орун басардын тууганы болгон. Калган акчалар кийинки жумада колуна тиймек", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.