Жаңылыктар
Ысык-Көл, Нарын облустарында жер титиреди
Кырсык
Ысык-Көл, Нарын облустарында жер титиреди

5-декабрда саат 16:11де Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Мындай маалыматты Сейсмология институтунан кабарлашты. Очогунда күчү 2,5 баллга жетип, Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген. 

Ошондой эле, жер титирөө Нарын облусунда дагы катталып, очогунда күчү 4 жарым баллга жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Министрликтин маалыматына караганда, жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 балл, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам кыйроолор же жабыркагандар катталган жок.