Жаңылыктар
“Делбирим” көркөм тасмасы кыргызстандык кино сүйүүчүлөрдүн назарында
Маданият
“Делбирим” көркөм тасмасы кыргызстандык кино сүйүүчүлөрдүн назарында

Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан “Делбирим” көркөм тасмасы кыргызстандык кино сүйүүчүлөрдүн назарында. 5-декабрда тасманын салтанаттуу ачылышы болду. 

Соңку 30 жылда Кыргызстан менен Өзбекстан киночулары биргелешип тарткан фильмдин ачылышын күткөндөр көп болду. Тасманы көрөбүз деп келгендер залдын отургучтарынан ашып, туруп көргөндөргө толду.

Тасманы “Өзбеккино” улуттук агенттиги менен Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору тартты. Сценарийин Керез Зарлыкова жазган. Фильмди жаратуучулардын басымдуусу жаштар. Продюсери Паризат Жакыпбекова, режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов.
Улуу жазуучунун чыгармасы уламышка айланып, анын негизинде кайра-кайра тартылган тасманын ачылышына эки мамлекеттин маданият өкүлдөрү, тасмада башкы ролду жараткан артисттер, киночулар, эл өкүлдөрү, элчилер келди.

Дээрлик жарым кылым убакыттан кийин кайра жаңырып, жаңы түс, заманбап көз караш менен “Делбирим” экранда. Чынгыз Айтматовдун “Делбирим” же “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган бул төртүнчү көркөм тасма.

1 саат 40 мүнөткө созулган тасманын көрүүчүлөрү бирде кубанып, бирде кайгырып, ал эмес көздөн жашын агызышты. Фильм аякташы менен залга толгон эле тартуучу топту жана анда рол жараткан артисттерге ыраазычылык билдиришти.
Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн урматына тартылган биргелешкен тасма жалпы кыргызстандыктар кино театрлардан көрө алышат. Фильм ушул күндөрү Өзбекстанда да көрсөтүлүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип көркөм тасма тартууну мындан ары да улантышат. Улуттук кино департаментинин жетекчиси билдиргендей, өзбек артисттеринин катышуусунда Кыргызстанда жаштарга арналган тасма тартуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды.