Жаңылыктар
“Делбирим” тасмасы кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланды
Маданият
“Делбирим” тасмасы кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланды

5-декабрда Кыргызстан-Өзбекстан кино студиясы биргелешип тарткан “Делбирим” фильми кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланды. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы аркылуу кыргыз-өзбек элинин маданий байланышы уланып, ушул залда достуктун жылуу шамы жагылууда-деди киночулар. 

Тасманын алгачкы бет ачаары 16-ноябрда Ташкентте болгон. Сценарийдин автору Керээз Зарлыкова, койгон өзбек режиссёру Сарвар Каримов. 


Башкы кейипкер: Ильястын ролунда- Адис Ражапов, Байтемир-Улукбек Кадыров өзбек актёрлору, ал эми Аселди- Мадина Талипбек, Кадичаны- Элина Абай кызы аткарган. Чыгармачылык алака эки тараптан тең болгону менен каржылаган Өзбекстан тарап. 


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"