Жаңылыктар
Табыптын колуна түшкөн тагдыр
Кылмыш
Табыптын колуна түшкөн тагдыр

Бишкектин Көк-Жар кичи району, жеке турак жай. Дал ушул үйдү Ашым Зайналиев ооруканага айландырып алган. Бул адам дарттын оор түрүнө чалдыккандарды кабыл алат. Анын уруксаат документи жана эч кандай медициналык билими жок. Ал өз расмий түрдө камерага сүйлөп берүүдөн баш тартып, уюлдук телефонго үнүн түшүрүүгө мүмкүн болду.

“Өзүм иштеп чыккан альтернативдик медицина системасы бар, медициналык билимим жок чынында. Билими барлар 6 жыл окуп 3 жыл ординатурадан өтсө эле баарын билеби. Мен 30 жыл изилдеп келдим. Лицензиям жок” - деди Ашым Зайналиев.

Өткөн айдын соңунда онкология борборуна дарты өтүшүп кеткен секелек кыз түшкөн. Ага чейин ата-энеси дарыгерлердин кеңешине кулак салбай табыпка кайрылып, кызын жарым айдан ашык убакыт дарылаткан. Бирок кандай жол аркылуу белгисиз.

Чуулгандуу окуяда табыптын аты биринчи жолу чыгып жаткан жери жок. 2016 жылы Ашым Зайналиев аялдын көкүрөк безин кесип салып, натыйжада ал аял өлүп калган. 


Секелек кыздын кийинки тагдыры кандай болот, табыпты мамлекет ооздуктай алабы белгисиз. Ал ортодо саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп күч түзүмдөрүнө кайрылды.