Жаңылыктар
Карышкыр шаарга түшүп, мал-жандыкка тиш салды
Кырсык
Карышкыр шаарга түшүп, мал-жандыкка тиш салды

Ушул жылдын 4-декабрынан 5- декабрга өткөн түнү Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну Убайдулла Гапыровдун короосуна карышкыр кирип, анын 13 койун жарып кеткен. Ошол эле күнү кечки саат 19:20лар чамасында Гапыровдун короосуна кайра дагы карышкыр кирип дагы 2 койуна тиш салган. 

Окуя түн ичинде болгондуктан үй ээлери эч нерсени билген эмес. Ветеринарлар өлгөн малды өз тартиби менен көмүп жок кылышкан. Анткени, аларда кутурма оорусу болсо, кооптуулук жогору. Эгерде малга кандайдыр бир кол салуу болгон болсо биринчи кезекте ветеринарларга кайрылышы керек.