Жаңылыктар
Өзгөндүн Зергер айыл аймагында заманбап мектеп ачылды
Билим
Өзгөндүн Зергер айыл аймагында заманбап мектеп ачылды

Өзгөндүн Зергер айыл аймагында заманбап мектептин ачылышы болду. Ага, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова , Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү эл катышты. 275 окуучуга ылайыкташкан типтүү мектеп 2 кабаттан туруп, бардык заманбап шарты: спорт залы, өзүнчө отканасы менен курулду. Бул үчүн республикалык бюджеттен 59 млн. сом каражат сарпталган. 

Заманбап орто мектептин айрым класстары жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан жасалгаланган. Буга чейин Токтогул айылынын окуучулары 1985-жылдары курулган совхоздун конторасында билим алып келген. Азыркы тапта окуучулардын саны 330га жетти. Имарат быйылкы жылы жаңыдан пайдаланууга берилген Өзгөн районундагы төртүнчү мектеп. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жергиликтүү элди куттуктап, мектепке компьютердик классты белекке берди.