Жаңылыктар
КР-РФ: Парламенттик кызматташтык чыңдалат
Саясат
КР-РФ: Парламенттик кызматташтык чыңдалат

Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу мамилелерин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин талкуулады. Жолугушууда Нарышкин - эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздук мамилесин бекемдөөгө багытталган сапарынын маанилүүгүн белгиледи. 

"Ар кандай деңгээлде тынымсыз өткөн эки тараптуу жолугушуулар биздин кызматташтыкка дем берип, кыргыз-орус мамилелеринин өзгөчө мүнөзүн далилдейт",- деди Сергей Нарышкин. 


Өз кезегинде төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстанга ар кыл багытта көрсөткөн колдоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ноябрда Ош облусунда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга жөнөткөн гуманитардык жардам жана 2016-жылдын февралында бюджетке колдоо катары бөлүнгөн 30 млн доллар кайтарымсыз каражат берилгенин кошумчалады. 

Ошондой эле, тараптар бүгүнкү өтүп жаткан форум жасалган иштерге баа берип, келечек пландарды белгилеп алууга шарт түзөөрүн белгиледи.