Бүгүн телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү. 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. 1958-жылдан бери биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан телеканалдын макамы бир нече жолу өзгөрдү. Азыр коомдук деген статусу бар телеканал замандын жүгүн көтөрүп, алдына коюлган милдеттерди татыктуу аткарууда.
КТРКнын курамында азыр “Коомдук биринчи канал”, “Музыка”, “Баластан”, “Маданият. Тарых. Тил”, “КТРК Спорт”, “Ала-Тоо 24” каналдары жана “Кыргыз радиосу”, “Биринчи Радио”, “Миң Кыял FM”, “Балдар FM”, “Достук” радиостанциялары бар. Мындан тышкары корпорациянын түзүмүнө Республикалык телерадиоборбору менен “Кыргызтелефильм” кирет.
Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган эң көлөмдүү корпорация болуп саналат. Көрөрмандарга 24 саат бою маданий-таанып билүү, социалдык-экономикалык, музыкалык-көңүл ачуучу, спорт дүйнөсүндөгү көрсөтүүлөр көрсөтүлөт.