Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жаңы спорт залдын ачылыш салтанаты болду
Аймак
Жалал-Абад облусунда жаңы спорт залдын ачылыш салтанаты болду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында жаңы спорт залдын ачылыш салтанатына катышты. Премьер-министр бир дагы бала сапаттуу билим берүүсүз, билимсиз калбашы үчүн республика боюнча бала бакчаларды, мектептерди ачуу - өкмөттүн башкы максаттарынын бири, -деди. 

«Мен бүгүнкү биз ачып жаткан спорт зал шаардагылардан эч кем калбаганына кубанып турам. Спортту өнүктүрүү - бул дени сак улут, ал эми улуттун саламаттыгы - бул кубаттуу өлкөнүн белгиси. Биз дени сак, руху күчтүү, эмгекти жана өздөрү жашаган мекенин сүйгөн жаш муунду тарбиялоого тийишпиз. Ошондо биздин Кыргызстан гүлдөп өнүгөт», - деп белгиледи Өкмөт башчы. Премьер-министр сөзүнүн жыйынтыгында спорт залга керектүүнерселерди алуу үчүн 50 миң сомдук сертификат тапшырды.