Жаңылыктар
Ош облустук ички иштер башкармалыгында компьютердик класс ачылды
Аймак
Ош облустук ички иштер башкармалыгында компьютердик класс ачылды

Ош облустук ички иштер башкармалыгында уюшкан кылмыштуу топко жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери үчүн компьютердик класс ачылды. Мында кызматкерлер кесиптик квалификациясын жогорулатат. 

Окуу класстары Орусия өкмөтү тарабынан каржыланган. Ал эми, техникалык жабдуулар эл аралык уюм тарабынан камсыздалды. Мында Ош облусунун бардык райондук бөлүмдөрүнөн келген кызматкерлер окутулат. Жакшы натыйжа көрсөткөн кызматкерлерге окуунун жыйынтыгы менен сертификаттар берилет.