Жаңылыктар
Инвесторлорду колдоо менен айыл чарба ишканаларын өнүктүрүү учурдун талабы
Экономика
Инвесторлорду колдоо менен айыл чарба ишканаларын өнүктүрүү учурдун талабы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Кең-Сай конушунда аялдардын жана эркектердин кийимдерин тигүү боюнча текстилдик тигүү фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты, мында келечекте жети миң адам жумуш менен камсыздалат. Долбоордун негизинде тигүү фабрикасы, пахтаны тазалоо жана кайра иштетүү, жип жана кездеме өндүрүү ишканалары иштейт. 

Өндүрүштү 2019-жылдын биринчи декадасында ишке киргизүү пландалууда. Долбоордо ишкананын кызматкерлери үчүн турак үй, бала бакча, окуу борборунун, эс алуу зонанын жана башка жалпы ыңгайлуулук үчүн зарыл объектилердин курулушу каралган. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду долбоорго каржылык колдоо көрсөтөт. Премьер-министр баса белгилегендей, өкмөт мындай долбоорлорду колдойт жана аймактарда жумуш орундарын түзгөн инвесторлорду ар тараптуу колдоого даяр.

Ошондой эле, премьер-министр Баткен облусундагы жумуш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы «Интерфрут» ишканасынын ишмердиги менен таанышты. Быйыл июнь айларында USAID уюму жана кыргыз-тажик биргелешкен «Интерфрут» ишканасы жемиштерди кайра иштетүү боюнча жаңы цех ачкан. Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2 миң 400 тоннаны түзөт. 

Заманбап кургатуучу жабдуу кардарлардын талаптарына ылайык нымдуулуктун тиешелүү деңгээлин камсыздайт. Ишканада өрүк, алма, шабдаалы, гилас, ит мурун, кара өрүк, кургатылган кара өрүк жана грек жаңгагын кургатуучу, кайра иштетүүчү жана таңгактоочу жаңы жабдыктар иштейт. Жакында эле өндүрүлгөн продукциянын биринчи партиясы Россияга экспорттолду. Ошону менен бирге алар өкмөткө өндүрүштү кеңейтүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бул демилге рыноктук суроо талапты жана Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан жергиликтүү жемиштердин экспортун өстүрүүнү шарттайт. 

Премьер-министр - мындай ишканаларды колдоо зарыл. Туруктуу жумуш орундары түзүлүп жатканын эске алганда жаңы өстүрүлгөн жана кургатылган жер-жемиштери сатылып жаткан дыйкандар пайда көрүшүүдө. Биз айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган ишканаларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз, - деди. Андан соң, өкмөт башчы цехтин өндүрүштүк аймагын көрүп чыкты.