Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 9-декабрда Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Маалым болгондой, Зилалиев байлыкты өзүнө мыйзамсыз түрдө топтогон, тагыраагы мүлкүнүн бир бөлүгүн декларацияга көрсөтпөй, жашырган деп айыпталууда.