Жаңылыктар
Кыйган сайын кыярган коррупциянын тамыры качан кыркылат?
Коррупция
Кыйган сайын кыярган коррупциянын тамыры качан кыркылат?

Ири суммадагы акча алып кармалгандардын саны токтобой келет. Эл аралык иликтөөлөр көрсөткөндөй тамыры тереңге жайылган коррупция тармактардын баарында кездешет. Аны акыркы кездерде жемкорлукка айыпталып, ал турсун көзөмөл органдарынын кылтагына илинген фактылар айтып турат. Миллиондогон каражатты сол чөнтөккө жымыргандардын катарын кечээ күнү транспорт жана жолдор министринин орун басары, болгондо дагы коррупцияга каршы күрөшкөн жетекчи 50 миң доллар пара алып жатып колго түшкөнү менен толуктады. 

Кызматын кыянаттык менен пайдалангандардын көпчүлүгү өз жазасын алып жатышса, ден соолугуна байланыштуу дарылануудан өтүп жатканы, мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берип жоопкерчиликтен кутулгандары, тутулбай качып кеткендери болуп, айтор чапкан сайын көз чыгып жаткан учур. Кыйган сайын кыярган коррупциянын тамыры качан кыркылат? Тендер өткөрүүдөгү теңсиздикке бөгөт коюлабы?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"