Жаңылыктар
Пара менен кармалган Азимкан Жусубалиев бир жарым айга камакка алынды
Кылмыш
Пара менен кармалган Азимкан Жусубалиев бир жарым айга камакка алынды

Пара алып жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 1,5 айга камалганын Жогорку соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, аткаминердин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралган. 

Анда айтылгандай, Азимкан Жусубалиев 2019-жылдын 21-январына чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат. Бул аралыкта тергөө иштери жүргүзүлөт. 

Эскерте кетсек, УКМК тараткан маалымат боюнча Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алганы кабарланган.