Жаңылыктар
Кыргыз драма театры өнүгүүнүн жаңы нугуна түштү
Маданият
Кыргыз драма театры өнүгүүнүн жаңы нугуна түштү

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын эң алгачкы көлөмдүү чыгармасы “Кылым карытаар бир күн” спектакли Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Көркөм жетекчиси, режиссер Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылды. Бүгүнкү күндө Назым Мендебаировдун сахналаштырган  А.Несиндин “Торостук зөөкүр”, Б.Чотурованын “Рамаяна” спектаклдери театрдын репертуарында ийгиликтүү коюлуп келет. Буга чейинки спектаклдери театр таануучуларын, көрүүчүлөрдү өзгөчө табылгалары менен кубандырып келгенин жашырууга мүмкүн эмес. Ал эми анын Айтматов ааламына сүңгүп кирүүсү такыр башка кеп.


Биринчиден залкар жазуучуну дүйнө элине тааныткан, эң алгачкы көлөмдүү, окуялуу жана театрдын сахнасына ылайыкташпаган оор чыгармасына бардык эле режиссерлордун тиши өтө бербейт. Кезинде бул чыгарманы гениалдуу режиссер Искендер Рыскулов сахналаштырып, азыркы күнгө чейин анын койгон спектаклин театр сүйүүчүлөрү тамшанып айтып келе жатышат. Бир канча жыл өткөндөн кийин учурдагы эң алдыңкы режиссерлордун бири Назым Мендебаиров залкарлардын изи менен Айтматов ааламына кирүүгө батынып белсенгени, болгондо да анын эң оор чыгармасын тандап алганы албетте алкоого татыыр иш.


Буга чейин “Кылым карытаар бир күн” романынын театрларда кайсы бир бөлүгү тандалып алынып коюлуп келсе, Назым Мендебаировдун спектаклинде чыгарма толугу менен чагылдырылганы менен өзгөчөлөнөт. Спектакль башталгандан тартып кудум эле китептин алгачкы барагы ачылгандай сезим калтырат. Дегеним, окуя Казангаптын кайтыш болгонунан башталып, маркумду жерге берүү зыйнаты менен коштолот. Көрүүчүнү спектакль башталаары менен эле уйгу-туйгу кылып, эми эмне болуп кетээр экен деген сезимге түрткөн сахна бул – Казангаптын балдарынын өлүк үстүндөгү конфликти. 

Мына ушул конфликттин негизги түпкүлүгү Ч.Айтматовдун  гениалдуулугун далилдеген маңкурттукту ачып берүү экенин Найман эне менен  ата-тегин, керек болсо алпештеп өстүргөн энесин тааныбай калган уулу экөөнүн сахнасынын коштоп кетүүсү далилдейт. Маңкурттук адам уулу жаралгандан эле адамдарды коштоп келе жатканын бардыгы билген менен, жалгыз гана Айтматов ага аныктама берип, бүтүндөй дүйнө жүзүнө маңкурт деген түшүнүктү алып келген эмеспи. Режиссер спектаклде “Найман эне” темасына шилтеме гана берет дагы, маңкуртчулуктун  түрдүү замандагы өсүп өнүгүүсүнө саресеп салып жүрүп отурат.


Режиссердун өзгөчө табылгасы – бул окуялардын биринен экинчисине көрүүчүгө түшүнүктүү тилде жай, эч кандай пафосу жок өтүүсүндө. Эдигейдин эскермелери, какыраган Сарөзөк чөлүндө өткөн өмүрүн баяндаган чыгарманын негизги өзөгүн түзгөн “Бул кыйырда поезддер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттап турат” деген сөзүнүн спектаклде негизги өзөк катары колдонуусунда. Ар дайым ушул сөз аркылуу өткөн өмүрдүн кайрылбастыгы, ар бир көргөн күнүбүздүн тарых болуп калуусу таасын түшүндүрүлүп отурат. Мына ушул сөз аркылуу Эдигей менен Казангаптын тагдыры байланып, андан ары көрүүчүнү кудум эле ошол учурга алып жөнөйт. Тегерек чети ээн, эч ким баргысы келбеген Сарөзөк чөлүнө аргасыз башпаанек кылып калган андагы жашоочулардын тагдыры, кубанычы, сүйүүсү менен окуя андан ары уланат.


Назым Мендебаировдун режиссердук өзгөчө көз карашы катары Эдигейдин жеке өзүнө гана таандык ички трагедиясы, кубанычы, сүйүүсүн айтууга болот. Эдигей менен Зарипанын ортосундагы аруу сезим, анын уулуна болгон астейдил мамилеси, жадагалса Абуталипти актоого болгон аракети анын адамгерчилиги бийик инсан экендигин көрүүчүгө таасын түшүндүрүп турат. Спектаклде Эдигейдин жашоосундагы эң жарык, кубанычтуу учур Зарипанын анын тагдырында пайда болуусу экенин режиссер ачык көрсөткөн.

Спектаклде адамдардын саткындыгы, чыккынчылыгы, ошол учурдагы бийликтин кысымынан программаланып калган коомдун трагедиясы ачык баяндалат. Дегеним ошол эле Сталиндик башкаруудагы дүйнөнүн жарымы программаланып калгандыгы, өз тилин, кудайын, керек болсо ата-энесин эстей албай маңкуртка айланып бара жатканын Найман эненин маал-маалы менен сахнага пайда болуп, келечек муунга болгон таарынычын, өксүүсүн айтып, улам жаңы пайда болгон маңкурт муунга анын ата-теги  ким экенин эскертип туруусу көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Спектаклдин финалдык бөлүгүндөгү Эдигейдин туюк жарга кептелиши, анын жан дүйнөсү жанчылып, ага болгон тагдырдын кысымы уламдан улам басып жатканын дубалдардын жакындап, жан дүйнөсүн кысып жатканы деп түшүнүп жаткан көрүүчүгө дароо окуянын алмашуусу, дал ошол дубалдар Эне бейитке барчу жолдогу тосулган тосмо катары пайдаланылганы, Айтматовду өз алдынча трактовкалоодогу режиссердук  өзгөчө табылга деп сыпатталууга тийиш.

Режиссер актердук курамды эң мыкты тандаганын айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Ар бир роль кичинекей болсо да ар бир актердун өзүнүн кулк- мүнөзүнө кандайдыр бир окшош экендигин туюндуруп турат. Буга актердук курамдын чеберчилиги да өзгөчө салым кошкон. Айталы Эдигейдин образын ачкан Данияр Жанжигит уулу бул спектаклде бүтүндөй труппаны сүйрөп, кудум эле чыгармадагы Каранардай күч жумшаганын көрүүгө болот. Буга чейинки ролдору аны жаш, өсүп келе жаткан актер катары сыпаттаса, Эдигейдин образы аны кадыресе такшалган, олуттуу ролдорду тайманбай тартып кете алган устат катары эл алдына алып чыга келди. Актердун ички органикасын туура колдоно билүү, анын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу бул режиссердун эбегейсиз эмгеги экенин жашырууга мүмкүн эмес.  


Спектаклде кичинекей роль болсо да өзүн таасын көрсөтө алган актер-актрисалар абдан көп болду. Алсак Айзаданын образын ачып берген Альбина Имашованы, өзгөчө анын аракеч күйөөсүнүн образын ачкан Аскар Качкынбаевди байкабай коюга мүмкүн эмес. Аскар Качкынбаевдин актердук талантын дал ушул образ өзгөчө ачканын анын ар бир кыймыл-аракетинен, эмоциясынан баамдоого болот. Ал эми Найман эненин образын жараткан Анара Назаркулованын окуя менен кошо жашаганы, сөңгөктөй каткан акыл-эссиз уулунун акылын кайтарууга болгон аракети өзгөчө алкоого татыйт. Спектаклди Зарипанын образы кооздоп, көрүүчүлөрдү бирде кубандырып, бирдей ыйлата алды дегенге толук мүмкүн. Бул ролду ийинине жеткире аткара алгандыгы үчүн Гүлнара Сатарованын эмгегин актриса катары өзгөчө ачылуусу, изденүүсү катары кабылданууга тийиш. Ал эми Казангаптын образын жараткан Нурлан Салидиновдун, Сабитжандын образын жараткан Азиз Мурадиллаевдин,  Таңсыкбаевдин образын эң мыкты ачып берген Атай Өмүрбековдун,  Абиловдун образын ачкан Тилек Жумагазиевдин, Абуталиптин образын жараткан Жеңиш Смановдун, тергөөчүнүнүн образын ачкан Камчы Сарыбаевдин, Үкүбаланын образын жараткан Айсалкын Кыйыкбаеванын, Маңкурттун образын жараткан Өмүрбек Израиловдун, доктордун образын жараткан Абдыкалык Акматовдун  жана Сауленин образын ачкан Анара Таалайбек кызынын жараткан эмгектери алардын чыныгы театр менен жашаган таланттар экенин дагы бир ирет далилдеди десек да болот. Мындан сырткары Эрмектин образын көрүүчүнүн көзүнө жаш алдырган эң аруу сахна (сцена)  катары сыпаттоого болот. Бул образды эң мыкты ачып берген Бегимай Касымалиева өзгөчө мактоого татыйт. Мындан сырткары спектаклде массовка окуя менен кошо жашап жатканынан улам бир дагы актер ашыкча же кем эмес экенин көрүүгө болот. Адатта массовкадагы актерлор анчейин баамга алынбай келсе, бул спектаклде массовкада болсо да роль жаратып жаткан ар бир актер-актриса көзгө даана учурайт. 

Спектаклде  өзгөчө орунду  музыка жана сценография ээлейт. Сценографтын өзгөчө табылгасы катары сахнадагы ар бир декорациянын туура тандалуусу жана мейкиндик болуп жаткан Сарөзөк чөлүнүн дал ортосунан кесип өткөн темир жолдун түшүп туруусу сахнада ойноп жаткан артисттерге өзгөчө жардам берет.  Айрыкча Сарөзөк чөлү, поезд жолундагы жарыктар, маал-маалы менен берилип турган буу, (дым) ошол учурдагы абалды (атмосфераны) көрүүчүгө тартуулап турат. Өзгөчө Эдигейдин башына улам бир түйшүк түшкөн сайын сахнанын эки жагынан кара түстөгү материалдын түшүп туруусунан анын жан дүйнөсүнүн кысылып бара жатканын туюндурат.  Спектаклдин жасалгасынын өзгөчөлүгү  (декорациясы) сахнадагы жасалга бирде Абуталиптин дептери, бирде үй, бирде талаа, бирде көрүстөндү тегерете курчаган таш дубал болуп колдонулуусу. Мындай табылгасы үчүн театрдын башкы сүрөтчүсү Бакыт Тилекматовдун эмгегин баса белгилесек ашыкча болбос.

Музыка спектаклди шөкөттөп гана турбастан көрүүчүнү ар бир окуяга жетелеп кеткен курал. Бул жагынан спектаклдин музыкасын тандаган Кенжегазы Асанбаев, Абды Осмоновдордун иши алгылыктуу аткарылган. Ар бир окуяга тандалган өзгөчө музыка жан дүйнөнү толкутуп, өзгөчө сезимдерди тартуулайт.

Жалпы жонунан театрлардын флагманы болгон Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуарына ушундай жогорку деңгээлдеги спектакль кошулганы театрдын гана ийгилиги эмес, жалпы кыргыз театр маданиятынын ийгилиги дегенге болот. Кыргыз драма театрынын статусуна аталган спектакль татыктуу жана алдыга коюлган жаркын үмүтү бар кадам десек жаңылышпайбыз.

                                                                                                                                                                                             Автору Нуркыз Рыскул кызы