Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында эң чоң тигүү цехи ачылды
Экономика
Жалал-Абад шаарында эң чоң тигүү цехи ачылды

Жалал-Абад шаарында 30 адам иштей турган тигүү цехи ачылды. Цехтин иши жаңы эле башталгандыктан азыркы учурда 15тен ашык кыз-келин иштеп жатат. Мектеп окуучуларынын кийимин тигүүгө багыталып ачылган цех, азыр эми окуучулардын формасынан сырткары кийим-кеченин 8 түрүн тиге баштады. Ишкер цехтин ишин кеңейтип, продукциянын көлөмүн көбөйтүү максатында мамлекеттен аз пайыздуу насыя алууга кайрылганы турат.

“Биз цехти ачуудан мурун изилдеп көрдүк. Жалал-Абадда мындай чоң тигүү цехи жок экен. Мектеп окуучулардын гана кийимин тигебиз деп ачтык. Шаардын өзүн эле ала турган болсок, 21 миң окуучу бар экен. Ошолордун формасын камсыздайлы деген максат болду”,-дейт ишкер Айсулуу Абжапарова. 

“Буга чейин Бишкек шаарында иштедим. Ал жактан тикмечилик сырын жакшы үйрөндүм. Азыр эми өзүбүздүн шаарда ачылып калганы өтө жакшы болду. Үй-бүлөбүзгө жакын, өзүбүздүн үйүбүздө жашап дегендей. Мурда борбордо иштеп жүргөндө ижарага үй алып жашаганбыз. Азыр жакшы. Айыл акы иштегенине жараша болот”,- деди Жалал-Абад шаарынын тургуну Батма Токтосунова.