Жаңылыктар
Айтматов аздектелген жылдын жыйынтыгы
Маданият
Айтматов аздектелген жылдын жыйынтыгы

12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси масштабдуу түрдө Президенттин катышуусунда өтөт. Дегеле, кара сөздүн чеберинин 90 жылдык мааракеси Кыргызстанда гана эмес, бүт дүйнөдө белгиленди. Быйыл дүйнө эли кыргызды Айтматовдун кол жазмасы менен тааныды.

Өткөн жылдын декабрь айында ТүркСОЙ уюмунун 35-жыйыны Казакстанда болуп, анда 2018-жыл “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыяланган. Бул билдирүү залкар жазуучунун 90 жылдык мааракесине туш келди. Өлкө башчысы Айтматовдун мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын билдирген. Кезектеги репортажда улуу жазуучунун 90 жылдыгында өткөрүлгөн ири иш-чараларга токтолобуз.

Бул жылы Чыңгыз Айтматовду бүт дүйнө эскерди. Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында уюмдун китепканасында жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө болду. Мында, жазуучунун XX - кылымдын көрүнүктүү саясатчылары жана маданият ишмерлери менен түшкөн сүрөттөрү, китептер, диск жана башка баалуу буюмдары коюлган. Көргөзмөнү Президент Сооронбай Жээнбеков ачып, жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн маселелер адамзатты гумандуулукка жана адилеттүүлүккө үндөп турат деп белгилеген. 

Октябрь айынын башында Айтматовдун санаалаштары жана замандаштары Бишкекте чогулду. Айтматов баштаган Ысык-Көл шеринесине 70тен ашык дүйнөлүк коомдук, маданий жана илимий ишмерлер келип, жазуучунун үй-музейи менен таанышып, андан соң Ата-Бейиттеги жазуучунун күмбөзүнө гүл коюшкан. 32 жыл мурда Айтматов баштаган форум быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде уланды. 2 күнгө созулган иш-чарада катышуучулар планетардык масштабдагы маселелерди көтөргөн. Форумда адамдын адам болуп калышы жана экология маселелери кызуу талкууланып, азыркы күндүн глобалдуу көйгөйлөрүн жөнгө салуу багыттары каралган. 

Ноябрь айында жазуучунун 90 жылдыгы түштүк борбордо да масштабдуу түрдө белгиленди. Кылым карытар чыгармалардан үзүндүлөр коюлуп, көргөзмөлөр уюштурулуп, илимий-практикалык конференциялар болду. Оштогу 90 жылдыкка арналган ат оюндары бүйүр кызытты. Көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги да жазуучунун аты менен байланды. 

Ушул эле айда “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалы өттү. Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Кыргызстандын мыкты театр жамааттары жазуучунун чыгармаларын сахнада жандандырып, бул күндөрү борбор калаадагы театрларда эл жык-жыйма чогулду. Ар бир спектакль аншлаг менен өтүп, жыйынтыгында түрдүү номинацияларда мыктылар аныкталды. Алар акчалай сыйлыктар, ардак баракчалар жана баалуу белектер менен сыйланышты. 

Жазуучунун кичи мекенинде да 90 жылдык маараке жогорку деңгээлде өттү. Ага карата өткөрүлгөн төкмө акындардын сынагында 16 акын жазуучуну даңазалап ырдашты. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, коомдук, саясий жана маданий ишмерлер катышты. Буга чейин да өтүп келген “Айтматов окуулары” бул жылы жаңы дем алды. Флешмобго наристелерден баштап, көрүнүктүү, белгилүү инсандар да катышты. Бул жылы Кавказ тоолорунда Айтматов чокусу пайда болду. Кыргыз альпинисттери анын табличкасын жана желекти кавказ тоосунун чокусуна сайып келишти. 

Бир канча күн мурда улуу жазуучунун Москва шаарында эстелигинин ачылышы болду. Ачылыш аземине Президент Сооронбай Жээнбеков, Орусиянын бир катар саясий жана маданий ишмерлери менен Москвадагы мекендештерибиз катышты. Жаңы орнотулган айкел жазуучунун элесине куюп койгондой окшош жасалган. Эстеликтин автору Азамат Абдрахманов, ал эми Россия тараптан архитектор - Сергей Павлов болду.