Жаңылыктар
Бишкекте "Тоска" операсы коюлат
Маданият
Бишкекте "Тоска" операсы коюлат

13-14-декабрь күндөрү Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында, Джакомо Пуччининин “Тоска” операсы дүйнөлүк аренадагы ырчылардын аткаруусунда коюлат. Искусствону сүйгөн каалоочулар бул күндөрү кечки саат 19.30 да барып, чер жазып кетишсе болот. Буга чейин Россиянын, Түркиянын таланттары катышып келген долбоорго бул ирет Грециянын жана Өзбекстандын ырчылары да кошулду. 

Музыкалык кеңешчи болуп Грециянын атактуу опералык ырчысы, Академиялык опера жана балет театрынын кастинг-директору, убагында айтылуу Карнеги Холл менен иштешкен Медея Ясониди келген. Ошондой эле, “Тоска” операсын ийнине жеткире аткарган Чайковский атындагы Пермь Академиялык опера жана балет театрынын солисти Лариса Келль жана Өзбекстан Республикасынын Эл артисти Рамиз Усманов да жергебизде. Учурда алар алдыда өтө турган иш-чарага даярданышууда.

"Орто Азияга келүүнү көптөн бери самап жүргөм, биринчи ирээт келишим. Бул операны көп жолу даярдагам, өзүм да катышчумун. Бул жолу да жакшы чыгармачыл топ чогулуптур. Бири-бирибиз менен таанышып, тажрыйба алмашып жатабыз. Кыргызстан жана анда жашаган эл мага жакшы таасир калтырды",- дейт П. Чайковский атындагы Пермь академиялык опера жана балет театрынын директору Медея Ясониди. 

"Бул операда аялдын миң түркүн эмоциясы жогорку деңгээлде чагылдырылышы керек. Айтсак, сүйүү, жек көрүү, кызганыч, назиктик, коркоктук сыяктуу эмоциялар мыкты берилиши зарыл. Бир сааттын ичинде ушунун баарын көрүүчүлөргө ынандырыш керек. Негизи жаш кыз аткарышы керек эле. Бирок жаш кыздар ийине жеткире албаса керек. Анткени, буга эң чоң чеберчилик менен тажрыйба зарыл экен. Мен ырдоо менен ойноп да, сезип да турганга аракет кылып жатам",- деди П. Чайковский атындагы Пермь академиялык опера жана балет театрынын солисти Лариса Келль.