Жаңылыктар
Жемкорлукка каршы күрөш
Коррупция
Жемкорлукка каршы күрөш

2018-жылы 10 айдын ичинде козголгон кылмыш-иштеринин жана текшерүү иш-чараларынын алкагында өлкөгө 2 миллиард 879 миллион сом өлчөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматта айтылат. Укук коргоо органдары аларды мамлекеттин эсебине кайтарып алууга аракет көрүүдө. Ал арада УКМК Дүйшөнбек Зилалиев банкта сактаган акчаларды коомчулукка көрсөттү.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жарыяланган өнөктүктөн бери бир катар кылмыш иштери ачылууда. Укук коргоо органдары эң чуулгандуу деп Жылуулук электр борборун модернизациялоо, Кошумча нарк салыгын кайтарып алуу, мамлекеттик маанилүү кызматтагы адамдардын ири өлчөмдө пара алып жатып кармалышын атады. Кылмыш жоопкерчилигинен акыйкатсыз чечим чыгарган соттор да кутула алышкан жок.

Президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашалары тууралуу декларациялары тыкыр текшерилүүдө. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчылыгы алгачкы текшерүүдө эле 50дөй аткаминердин көрсөткөн мүлктөрү менен чыныгы байлыктары дал келбей жатканын билдирген. УКМК кармалган Дүйшөнбек Зилалиевдин декларациянда белгиленген кирешелери менен жашырган байлыктарында өтө чоң айырма бар экени аныкталганын кабарлады. Ал өзү да, туугандары да бай эместигин берген интервьюсунда тастыктаган. Мамлекеттик кызматтарды аркалаган 2011-2016-жылдары тапкан кирешесин 2 жарым миллион сом деп көрсөткөн. Аялынын ушул эле жылдары тапканы 408 миң сом. Бирок декларацияда көрсөтүлбөгөн байлыктары алда канча жогору. Банктардын биринде 900 миң долларга жакын акчасы сентябрь айына чейин сакталып турган. УКМК аларды таап чыгып, коомчулукка жарыялады.

Кымбат баалуу батирин текшерүү учурунда да 100 миң доллар, 2 миллион 900 миң сом табылды. Мындан сырткары курулушу толук бүтө элек 400 миң долларлык үйгө ээлик кылаары, туугандарына 34 миллион жана 19 миллион сомдук эки кеңсени каттатканы аныкталган. Геология жана минералдык ресуртар боюнча агенттикти жетектеп турган учурда кен байлыктары боюнча лицензияларды тууганына жаздырып койгону да УКМК тараткан маалыматта айтылат. Бул фактылар Зилалиевге карата “мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш ишин козгоого негиз болгон.

Ага чейинки Транспорт жана жолдор министринин орун басарынын кармалышы да көп талкуу жаратты. Анын жол салуу боюнча тендерден уткан компаниядан 520 миң доллар талап кылганы, паранын буга чейинки эң жогорку көрсөткүчүн ачыкка чыгарды. 

Мурдагы премьер-министрлерден тартып ондон ашуун аткаминерлерди абакка түрткөн Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон 4 кылмыш ишинин экөө сотто каралууда.

Ал арада Азербайжандын соту Адамкул Жунусовду Кыргызстанга өткөрүп берүү чечимин чыгарганы белгилүү болду. Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Бакудагы аэропортто кармалган. Жунусовго “Кызмат абалын кыянат пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, сыртынан айып коюлган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тараткан маалыматта мурдагы башкы бажычы катышкан иште мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирилгени айтылат.

Коррупцияга каршы күрөш паракор жетекчиге карата катаал чара көрүү менен гана чектелбей, мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт койгон системаны калыптандыруу керек. Мурда жабылган кылмыш иштерин иликтөө да жанданып, тиешелүү иштер алып барылып жатат. Укук коргоо органдарына маанилүү тапшырмалар берилген.

Коррупцияга каршы күрөш 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин жанданган. Ал эми июлда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылып, ага 5 айдын аралыгында паракорлукка карата көрүлгөн чаралардын натыйжасында өндүрүлгөн 568 миллион сом топтолду.