Жаңылыктар
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Маданият
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Мыкты поэзия", "Мыкты эссе", "Мыкты телесюжет" сыяктуу аталыштарда өз ишинин мыктыларына сыйлыктарды тапшырды. Жеңүүчүлөрдүн арасында "Ала-Тоо 24" каналынын кызматкерлери да бар. Сынакка жалпы республика боюнча ар бир аталышта 100дөн кем эмес эмгектер көрсөтүлгөн. 

Дильшат Нурланбекова бир заматта жылдызга айланды. Анын Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазган “Шекеримдин сыймыгы” эссеси республикалык сынакта мыкты деп табылды. 

Өлкө боюнча ар бир багытта 100дөн кем эмес эмгектер көрсөтүлгөн. “Мыкты телесюжет” аталышында жазуу стили жана эмгекчилдиги менен өзгөчөлөнгөн “Ала-Тоо 24” каналынын баяндамачысы Бермет Курманбекованын эмгеги алдыңкы орунга татыды. 

Чыңгыз Айтматовдун улуулугун даңазалаган ырлар сынагында Рыскүл Изатова 1-орунду багындырды. 

Сынакты өткөрүү жана байге фонду үчүн республикалык бюджеттен бир миллион сом бөлүнгөн. 1-орунга 80 миң сом, 2-орунду ээлегендерге 50 миң сом жана 3-орун үчүн 40 миң сом акчалай сыйлыктар, диплом, ардак баракчасы жана атайын кичинекей айкелче ыйгарылды. Андан сырткары, кызыктыруучу сыйлыктар да каралып, 10 миң сомдон берилди.

Сыйлоо аземинде министр Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар жаздырылган дисктерди Кино департаментинин жетекчисине тапшырды. Кыргыз маданияты үчүн кымбат болгон фильмдер көчүрүлгөн дисктер топтомун орусиялык киночулар белекке берип жиберген. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сынакка катышкан бардык таланттуу инсандарга алкыш айтып, чыгармачылык бийиктиктерди каалады.