Жаңылыктар
Ден соолукка кам көрөлү
Ден соолук
Ден соолукка кам көрөлү

2013-жылы 33 миң кыргызстандык кант диабетин алып жүрүүчү катары катталган. Ал эми быйылкы эсеп көңүл жубатпайт. Башкача айтканда 50 миң адам ооруга чалдыккан. 

Дүйнө жүзү боюнча ар бир 10 секунд сайын бир адам кант диабетинен көз жумат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтары боюнча бир жылда кант диабетинен 4 миллионго жакын адам өлүмгө дуушар болот. Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, өкмөт тарабынан бөлүнгөн акча жетиштүү. Болгону эндокринологиялык борборду жандандыруу зарыл. 

Учурда бул ооруну алдын алуу иштери жүргүзүлө баштады. Кант диабети дүйнөдө кеңири тараган жана үзгүлтүксүз жардамды талап кылган эндокринологиялык оору. Аны менен жабыркагандар инсулинге көз каранды. Эгерде ооруну алдын алуу чаралары күчөтүлбөсө, дүйнөдө 2040-жылга карата ар бир 10 адамдын бири кант диабетине чалдыгышы мүмкүн.