Жаңылыктар
"Шыралжын" кенинде адам өмүрүн алган кырсык катталды
Кырсык
"Шыралжын" кенинде адам өмүрүн алган кырсык катталды

Талас облусундагы Бакай-Ата районунда жайгашкан "Шыралжын" кенинде иштеп жаткан 27 жаштагы жигитти таш басып, каза болду. Ал ушул эле райондун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон жана кен тармагында эки жылдан бери иштеп келе жаткан. 

Маркумдун артында үч баласы калды. "Шыралжын" кенинде буга чейин мындай окуя катталган эмес. Кенди ЖЧК "Глобал Шыралжын майнинг" компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет.