Жаңылыктар
Бишкекте "Жакыныңа - жардам" кайрымдуулук кечеси өтөт
Ден соолук
Бишкекте "Жакыныңа - жардам" кайрымдуулук кечеси өтөт

Онкологиялык дартка чалдыккандардын чыдагыс оорусун басаңдатуу үчүн дары сатып алууга каражат чогултула баштайт. Бүгүн Бишкекте "Эргэнэ" фонду жана Паллиативдик жардам ассоциациясы "Жакыныңа - жардам" кайрымдуулук кечесин өткөрөт. Дары-дармек Токмок, Жалал-Абад, Ош шаарларынын паллиативдик жардам бөлүмдөрүнө жана Улуттук онкология борборуна өткөрүлөт. 

Фонддун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекованын айтымында, өлкөдө ооруну басаңдатуучу, таасири күчтүү дарыга муктаждык жылына 16-18 килограммды түзөт, бирок болгону 1,5 килограмм гана пайдаланылат. Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда 3 миң 501 адам рактан каза тапкан. Алардын ичинен 2 миң 800 адам ооруну басаңдатуучу морфин, фентанил каражаттарына муктаж болушкан. 

"Жакыныңа - жардам" кайрымдуулук кечеси 12-декабрда саат 18:00дөн 20:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында өткөрүлөт.