Жаңылыктар
А.Атамбаев премьер-министрдин отставкасына кол койду
Саясат
А.Атамбаев премьер-министрдин отставкасына кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Темир Сариев кызматтан кетти. Мыйзам боюнча премьер-министрдин арызы кабыл алынган кезде өкмөт толугу менен кызматынан кетет. Ошондуктан, министрлер кабинетинин башка мүчөлөрү жаңы өкмөт куралганга чейин милдетин аткара берет. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Темир Сариев өкмөт башчылыктан отставкага кетээрин кечээ өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирген болчу. Ал бир жылга жакын премьер-министр болду. Бул убакыт аралыгында өкмөт өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алып, бир катар иштер жасалды, -дейт Темир Сариев. 

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев менен жигердүү иштешкендигин кошумчалады. Айтымында, президент өкмөттүн ишине толугу менен колдоо көрсөтүп келди. Ал эми Жогорку Кеңеш менен эриш-аркак иштешкенге мүмкүнчүлүк болду, депутаттар өкмөткө эки ирет ишеним көрсөттү, -дейт Сариев. 

Эскерте кетсек, буга чейин унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев кытайлык Лонг Хай компаниясынын кызыкчылыгын коргоду деп өзүнүн орун басары Улан Уезбаевди жана өкмөт башчы Темир Сариевдин айланасындагыларды айыптап чыккан.

Малабаевдин айтымында Балыкчы - Тамчы-Чолпон-Ата - Корумду жолун салуу боюнча долбоорго жоопкерчилик министрликке эмес, өкмөттүн тиешелүү бөлүмүнө жүктөлгөнүн, тендер мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирген болчу. Мекемелер аралык комиссия болсо, тендерди өткөрүүдө унаа жана байланыш министринен кемчиликтер кеткен, мындан улам, анын жоопкерчилиги каралсын деген бүтүм чыгарган.