Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Залкар жазуучунун мааракеси улуттук рухтун, таза ыймандын майрамы"
Маданият
С.Жээнбеков: "Залкар жазуучунун мааракеси  улуттук рухтун, таза ыймандын майрамы"

Залкар жазуучу, ойчул жана публицист, кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Республикалык денгээлдеги иш-чара бугун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Өлкө башчысы жалпы кыргыз элин залкар жазуучунун 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, өз сөзүндө улуттун руханий туу чокусуна айланган Чыңгыз Айтматовдун улуулугу тууралуу айтып, быйыл жазуучунун мааракесине арналган иш-чаралар дүйнө жүзүндө өткөнүн белгиледи. 

90 жылдык мааракенин меймандары коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, акын, жазуучулар, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин интеллигенция өкүлдөрү болуп, жазуучунун жакындары жана туугандары, өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары жана жалпы коомчулук өкүлдөрү катышты. Президенттин куттуктоо сөзүнөн кийин иш-чара театралдаштырылган концерттик программа менен уланып, жазуучунун чыгармаларынын негизинде даярдалган спектаклдер, ырлар аткарылды. 

Мындан сырткары, жазуучунун бардык чыгармалары коюлган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси улуттук рухтун, эркин ойдун, таза ыймандын жана абийирдин майрамы экени белгиленип, мамлекет башчысы залкар жазуучуга болгон сый урмат дайым уланып, анын элеси түбөлүккө сакталарын белгиледи.

Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбеков "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун Төрайымы Гульбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгына таазим эткендер келишти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков жана аны коштогондор 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, куран түшүрүштү.