Жаңылыктар
Кыргызстандык ишкерлер Кытайда өтүүчү Кантон жарманкесине катышат
Экономика
Кыргызстандык ишкерлер Кытайда өтүүчү Кантон жарманкесине катышат

3 күндөн кийин 30дан ашык Кыргызстандык компаниялардын өкүлү Кытайга жөнөйт. Көргөзмөгө барууну каалагандардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп. Алардын арасында 6 жылдан бери килем сатуу менен алектенген Жоодар Омошев да бар. Каарман жарманкеге биринчи жолу баратат. Анын максаты жөн гана тажрыйба топтоо эмес, экономиканын өсүшүнө конкреттүү салым кошуу. 

Тагыраагы, килем тазалоочу машина менен килемди азыраак чыгым менен жасап чыгарган техниканы Кыргызстанга алып келүүнү болжоп жатат. Муну менен колдон келе турган өндүрүштү өзүбүздө эле чыгарууну кыялданат.

Жылына эки жолу өтүүчү Кантон жарманкеси биринчи жолу 1957-жылы уюштурулган. Кытайдын Гуанчжоу шаарында быйыл 119-жолу өтөт. Дүйнөдөгү бир дагы соода-өндүрүштүк жарманкеде мынчалык көп түрлүү товар сунушталбайт. Жарманкеге тиричилик техникасынан тарта, ири жабдуулар, кийим-кечек, тамак-аш болуп отуруп, 150 миң түрлүү товар коюлат. Экспортко чыга элек товарларды дагы дал ушул жарманкеден көрүүгө болот.