Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков легендарлуу гандболчу Талант Дүйшебаев менен жолугушту
Спорт
Сооронбай Жээнбеков  легендарлуу гандболчу Талант Дүйшебаев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиаданын жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу Талант Дүйшебаев менен жолугушту. Мамлекет башчысы Дүйшебаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирип, машыктыруучулук жогорку дараментинин натыйжасында дүйнөлүк, европалык аренада жетишкен ийгиликтерин кубаттады. 

Ал жетектеген командалардын ийгиликтерди багындырганга өбөлгө түзүп, жүздөгөн спортчулардын жүрөгүндө башкы устаты, насаатчысы катары түнөк тапканын билдирди. 

Талант Дүйшебаев Президентке жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун ар дайым мекенин ойлоп жүрөрүн билдирди. Жээнбеков Дүйшебаевге былтыр Президенттин жарлыгы менен сыйланган 2-даражадагы «Манас» орденин тапшырды.