Жаңылыктар
Кант шаарында уурдалган 12 жаштагы бала куткарылды
Кылмыш
Кант шаарында уурдалган 12 жаштагы бала куткарылды

Кант шаарында уурдалган 12 жаштагы бала аман-эсен куткарылды. Данил Браилкин Бишкектин жогору жагындагы Панорама деп аталган аймактан табылды.

11-арель, эртең менен уурдалган өспүрүм ушул эле күнү кечинде саат 21:30да Бишкектин четиндеги Панорама аймагынан табылды. Аны гараждардын бириндеги жер төлөдөн алып чыгышты.

Кармалган 26 жаштагы жаран баланы досу кайсыл жерге алып барып жашырганын айтып берген. Ал жакка укук коргоочулар жана милициянын атайын даярдыктагы кызматы барып, баланы аман-эсен куткарып, экинчи шектүүнү кармашкан.

Сурак учурунда алар, карызы болгондуктан баланы уурдап ата-энесинен акча талап кылгысы келгенин айтып берген.

Эскерте кетсек, 11-апрелде бала эртең менен мектепке баратканда жолдон аны жеңил машинеге күчтөп салып кетишкен. Окуя көчөдөгү үйлөрдүн биринин видеосу камерасына тартылып калган. Анда ак түстөгү "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаадан белгисиз кишилер түшүп, баланы сүйрөп салып кеткени даана көрүнүп турат.