Жаңылыктар
Нарындын Кочкор районунда картошка эккен дыйкандардын былтыркы эмгеги талаага кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындын Кочкор районунда картошка эккен дыйкандардын былтыркы эмгеги талаага кетти

Картошканын мекени болгон Нарындын Кочкор районунда дыйкандардын былтыркы эмгеги талаага кетти. Чынында эле учурда райондун айылдарына барчу жолдун жээктеринде тонналаган картошка ыргытылып, талаада жатканын байкаса болот.


Дымагы күчтүү дыйкандардын дараметин текке кеткенин мына ушундай көрүнүштөн байкасаңыздар болот. Убагында баасы 10 сомго чыгып, кастарлуу өсүмдүккө айланган картошка эми минтип, талаага жөн гана ыргытыла баштады.

Картошканын наркы төмөн түшкөнү ушул уйларга эле пайда болду окшойт. Күнүгө ородон четинен алып чыгып, малга туурап берип жаткан дыйкандын жаны кейийт. Албетте муну жандыкка жем катары айдаган эмес.

Азыр картошканы сатмак тургай атүгүл, аны бекер алган киши жок ыргытып жатышат. Оросунда он тоннадан ашык жыйылып, четинен чирип баштады.

Картошканы айдап, аны жайлата багуу түйшүгү оңой эмес. Техника жалдап, ага майын куйуп, убагы менен түптөп кайра казып алуу чыгымын эсептегенде эмгекти актабай калды. Азыр базарда 4-5 сомдон сатылып, маңдай терин төгүп иштеген дыйкандар үчүн бул ит бекер баа.