Жаңылыктар
Парламент Өкмөтүнүн 2018-жылы аткарган ишин канааттандыраарлык деп тапты
Саясат
Парламент Өкмөтүнүн 2018-жылы аткарган ишин канааттандыраарлык деп тапты

Парламенттин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылы аткарган ишинин маалыматын укту. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндамасында Өкмөт үчүн 2018-жыл олуттуу сыноолордун жылы болгонун белгилеп, Өкмөттүн дарегине жакшы пикирлер менен кошо, ар кандай жөндүү сындар да айтылганын билдирди. 

Сынды биз туура кабыл алып, кемчиликтерди оңдоого аракет кылдык - дейт премьер-министр. Анын жыйынтыгында Өкмөт өлкө экономикасындагы макроэкономикалык туруктуулукту сактай алды. 

Бул ресурстарды туура иштетүүнүн жана мамлекеттик ашыкча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен жетишилди. Тышкы соода жүгүртүүдө да туруктуулук сакталып, экспорттун көрсөткүчү жогорулаган. Мисалы ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорт 5%га өскөн.