Жаңылыктар
Окуу жылы 25-майда аяктайт
Билим
Окуу жылы 25-майда аяктайт

Окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык, билим берүү уюмдары тибине жана менчик формасына карабастан, 2018-2019-окуу жылын 25-майда аякташы керек.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 27-майдан 31-майга чейин кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилинде окутуу жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары көчүрүү сынактарын тапшырышат.