Жаңылыктар
Бишкек: жатаканадан чыккан өрт
Кырсык
Бишкек: жатаканадан чыккан өрт

Кечээ Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын 8-кичи райондогу Чалдыбар көчөсүндө жайгашкан жатаканасында өрт чыгып, имараттын 90 чарчы метрдей жери күйүп кетти. 

Кырсыктан 20 адам жабыркап, анын 13ү шаардык травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген. Түтүнгө ууланган деген диагноз коюлган жабырлануучулардын арасында жети айлык бала жана эки патрулдук милиция кызматкери дагы бар. 

Кырсык болгон жерден өтүп бара жаткан милиция кызматкерлери жашоочулардын имараттан чыгуусуна жардам берген. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан улам келип чыкканы айтылууда.