Жаңылыктар
Жээнбеков: "Мугалимдердин айлыгы этап-этабы менен көбөйөт"
Саясат
Жээнбеков: "Мугалимдердин айлыгы этап-этабы менен көбөйөт"

Өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал, социалдык экономикалык абал, анын ичинен мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маянасынан тартып таза суу, ирригация, тышкы саясат жана коргонуу, коопсуздукка чейинки маселелер боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламентте чыгып сөз сүйлөдү.  Өлкө башчысы анда дүйнөдөгү глобалдык жаңы чакырыктар, аларга туруштук берүү жана алдыдагы 4-5 жылга пландалып, аткарыла турган иштерге терең анализ, кеңири баяндама жасады.

Өлкө башчысы өзүнүн президенттик мөөнөтүндө парламентте экинчи жолу сөз сүйлөп жатат. Өлкөнүн өнүгүү жолуна багытталган пикирин былтыр 27-июнда алгач ирет айткан. Сооронбай Жээнбековдун парламентте сөз алганы мыйзамга ылайык жасалган процедура экенин спикер Дастан Жумабеков белгиледи.

Президент алгач өлкөдөгү жалпы абалга токтолуп, акыркы кезде коомчулук өтө саясатташып кеткенин белгиледи. Элдин көңүлүн бурууга багытталган ар кандай саясий топтордун аракеттерине маани берилбей, элибиз мамлекеттин туруктуулугун сактап, өлкөнүн өнүгүп өсүүсүнө ынтызар экенин айтты. Ал эми азыр президент катары аткарып жаткан иштери убагында президенттикке талапкер катары элге берген убадалары болчу.

Тышкы саясат тууралуу айтып, жакында эле Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар жасап, эки тараптуу ондогон келишимдерге кол коюлганын белгиледи. Бир жарым жыл ичинде коңшу мамлекеттердин бардыгы менен алака жаңы деңгээлге чыгып, Кытай, Түркия, Европа биримдиги менен мамиле жакшырды. Быйыл болсо өлкө эл аралык деңгээлдеги бир катар иш-чараларга даярдык көрүүдө.

Президент ички саясатта коомдун ынтымагын, элдин биримдигин сактап, коопсуздукту камсыздоо негизги багыт болгонун белгиледи. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө болуп жаткан өзгөрүүлөргө, сот укук реформаларынын жүрүшүнө кеңири токтолду. Дагы бир чоӊ багыт- өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында экономикага көңүл буруу, сырткы жана ички инвесторлор үчүн жагымдуу мыйзам базасы түзүлгөн. Өлкө башчысы элетти көтөрүү максатында зарыл болгон бардык жумуштарды жасоого шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, өкмөт жана жергиликтүү башкаруу органдары демилгелүү болушу керек деди. Кыргызстан учурда билимге, ден соолукка өзгөчө көӊүл буруп, адам потенциалын өстүрүүгө муктаж. Бул багытта медицина кызматкерлеринин жана мугалимдердин айлыгын көтөрүү негизги маселе.

Өлкө башчысы жаңы маалымат технологияларын элдин турмушуна киргизип, бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук ыкмага өткөрүү ачык айкындыкты, кызмат адамдарынын ачык айкын, таза иштөөсүнө кепил болот. Буга жаңы ишке кирген Түндүк системасы, Коопсуз шаар долбоорлору далил.

Президент билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы рефомалар, алдыдагы жылдары ишке аша турган ири долбоорлорго кеңири токтолду. Мындан сырткары жөлөк пулга муктаж болгондордун абалын жакшыртуу, пенсия пособиялардын көлөмүн көбөйтүү маселеси орчундуу. Мамлекеттик ипотека, жаштарды турак жай менен камсыз кылуу президенттин жеке көзөмөлүндө. 2023-жылга чейин 600дөн ашык айылды таза суу менен камсыз кылуу, ошондой эле ирригация системасын калыбын келтирүү жумуштары күчөтүлөт. Алдыдагы жылдары транспорт логистикада, айыл чарбадагы инновациялык техникаларды пайдаланууда жана экспорт импорт, ишкерликти өнүктүрүүдө чоң секирик жасоо зарылдыгы бар.

Кийинки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Президент шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей укуктар камсыз кылынарын баса белгиледи. Шайлоо эрежелери бир жыл мурда белгилүү болуп, андан кийин өзгөрбөйт.

Өлкө башчысы бийлик бутактарын биргелешип, ырааттуу иш алып барууга чакырды. Ар кандай саясий күчтөрдүн чагымчыл аракеттерине катаал чара көрүлүп, Маселенин баардыгы мыйзам талаасында гана чечилерин билдирди.

Президенттин парламентте сүйлөгөн сөзүнө эл өкүлдөрү өз ой пикирлерин билдиришти. Саясат, экономика, коомдогу саясий абал, дегеле алдыга коюлган иш аракет максаттарга так аныкталганын белгилешет.

Президенттин айткандары анын бир жарым жылдык мөөнөтүндө аткарылган иштеринин кыска жыйынтыгы болгону менен, өз кезегинде бардык бийлик бутактарынын мындан аркы жасай турган иш аракеттерин да ар бир кадамына чейин так аныктады. Ал эми аларды толук кандуу ишке ашыруунун кепили - коомдогу туруктуулук жана бийлик бутактарынын эриш-аркак иш алып баруусу.