Жаңылыктар
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнү

Адамзат алгачкы ирет космоско учканына быйыл 55 жыл толду. Адамзат тарыхында биринчи жолу Космоско 1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин "Восток" кораблинде учкан. "Восток" космос корабли "Байконур" космодромунан учуп, космонавт космос мейкиндигинде 1 саат 48 мүнөт болгон.

Юрий Гагариндин биринчи жолу Жер шаарын айланып учуп, космоско чыйыр салганына байланыштуу СССР Жогорку Кеңешинин 1962-жылдын 9-апрелдеги жарлыгынын негизинде 12-апрель Космонавтика күнү катары кабыл алынган.

Кыргыз эли болсо космос темасына келгенде өзүбүздүн жердешибиз менен сыймыктанабыз. Ал - эгемен Кыргызстандагы эң алгачкы космонавт Салижан Шарипов.