Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ишин өнүктүрүп жакшыртуу багытында, өткөн 2018-жылда кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу, КТРКнын башкы директорунун орун басарлары Байкоочу Кеңештин курамына маалымат берди. Ал эми 2019-жылы шайланган башкы директор Жайнак Үсөн уулу жумушка киришкенден тартып телерадионун маани-мазмунун өзгөртүп, оңдоого басым жасалып жаткандыгын жана каналды өнүктүрүү боюнча тынымсыз аракеттер көрүлө берерин кошумчалады.
Өткөн жылы Коомдук канал чоң-чоң ири долбоорлорду тартып, көрүүчүлөргө сунуштады. Маселен Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары КТРКнын көчмө станциялары аркылуу элге жетип турду. Бул боюнча бардык каналдарыбыз аркылуу, айрыкча "Маданият-Тарых-Тил" каналы менен “Ала-Тоо 24” каналынан байма-бай берилип турду. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган мыкты долбоорлор эфирден чыкканын КТРКнын телекөрсөтүү тармагы боюнча орун басары Жылдыз Уракунова айтты.