Жаңылыктар
Жээнбеков: "Коррупция менен күрөштө бирөөгө жан тартуу деген болбойт"
Саясат
Жээнбеков: "Коррупция менен күрөштө бирөөгө жан тартуу деген болбойт"

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында эки маселени да өзгөчө бөлүп белгилеп өттү. Бул соттук-укуктук реформа менен коррупцияга каршы системалык күрөш. Бул багыттагы иштердин натыйжасын коомчулук да күтүп жатат. Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформа жана коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын билдирип, сот реформасын кынтыксыз ишке боюнча милдеттер так белгиленген, - деди. Ал эми коррупция менен күрөштө бирөөгө жан тартуу деген болбойт.

Жарандардын сотторго болгон ишенимин жогорулатып, соттун ачыктыгын камсыздоо үчүн Президент сот реформасын жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгилеп келет. Мындан улам Өлкө башчы соттук-укуктук реформаны кечеңдетпестен ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү - Кыргызстанда аткарыла турган иштердин эң артыкчылыктуу багыты экенин белгилеген. Анын үстүнө коом реформаны талап кылып жатат. Буга улай коррупцияга каршы системалык күрөш ыкчамдатылат. Чынында сот тармагында жемкорлук тамырлаганы эч кимге деле жашыруун эмес.

Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө да Мамлекет башчысы соттук-укуктук реформа жүрүп жатканын жана бул багыттагы аракеттер жеке көзөмөлүндө экенин билдирди. Анын негизинде сот жана күч түзүмдөрүнүн иши коомчулукка ачык болгудай шарт түзүлүүдө. Ал эми коррупция менен күрөш аёосуз болот.

Тилекке каршы соттордун акыйкатсыздыгынан жарандардын сотторго болгон ишеними дагы деле төмөн экенин депутат Жанар Акаев билдирип чыкты. Бул жагдайга- сот тутумундагы мышык-чычкан оюндар менен баягы эле коррупция себеп болууда-дейт эл өкүлү.

Талдоочулар дагы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу мезгил талабы болуп турагын белгилейт. Шамшыбек Медетбековдун пикиринде мыйзамдуулукту жогору коюп, жарандардын баарына бирдей мыйзам чегинде мамиле кылганда гана сот адилеттиги орнойт. Сот тутумун жаңылоо менен коррупцияны да тыйса болот.

Мындан улам соттордун калыстыгы менен көз карандысыздыгына шек жаратпаш үчүн соттук-укуктук реформа жүрүп жатканы ага далил. Албетте сотко болгон ишеничти кайтаруу татаал болгону менен жигердүү аракеттер бар-дейт Жогорку соттун Төрайымы. Реформанын алкагында мыйзам базасы түзүлдү, кадр менен каржылоо маселеси чечилип жатат. Сот отурумдарын, тергөөнү ачык жүргүзүү, арыз даттанууларды электрондук түрдө каттоого алуу, сот актыларын сайтка жырыялоо иштери ыкчамдатылууда.

Ошол эле учурда талдоочулар мамлекеттин жетекчиси сот реформасын ишке ашыруу талабын коюп жаткандан кийин реформа ылдам жүрүшү керек ал үчүн бул иштерге баардык бийлик бутактары жапырт аралашканда тезирээк жүзөгө ашырууга болот. Бул ошол эле техникалык жана каржылык маселесин өз маалында чечип берүү, мыйзамдарга зарыл болгон толуктоолорду кабыл алуу сыктуу аракеттер.