Жаңылыктар
Сапатсыз салынган арыктарга жана жол чекесиндеги тосмолорго ким көңүл бурат?
Кыргызстан жаңылыктары
Сапатсыз салынган арыктарга жана жол чекесиндеги тосмолорго ким көңүл бурат?

Борбор калаадагы жолду бойлой коюлган бордюрлар жыл айланбай жарактан чыгып жатат. 

Жаз келгени мындай билдирүүлөр "Ала-Тоо 24" каналынын “Элдик репортер” рубрикасына толуп кетти. 

Сапатсыз салынган арыктарга жана жол чекесиндеги тосмолорго ким көңүл бурат? Деги эле буга тиешелүү адамдар каякты карап отурат? деген көрүүчүлөрдүн суроолоруна кабарчыбыз Айжан Омолдошова жооп издеди.

Ордо калаа жолдорунун чекесиндеги бордюрлардын абалына “Бишкек асфальт сервис” ишканасы жооптуу. Жыл сайын ремонттоло турган аймактарга атайын тендер жарыялап, андан уткан компания бордюр менен камсыз кылат. 

Былтыркы тендер тааныш-билиш аркылуу болгонбу же, тандалып жатканда продукциянын сапатына көңүл бурулбай калганбы айтор, быйыл жазга жетпей анын баары ачыка чыгып калды.

Совет жылдарында жасалган арыктар, жол чекесиндеги тосмолор азыр да айрым жолдордо күнү бүгүнкүдөй бузулбай турат. 

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын өкүлү билдиргендей, андагыдай сапаттуу продукция чыгарган өндүрүштү азыр камсыз кыла албайбыз дешет.