Жаңылыктар
Кыргызстандык өспүрүм шахмат боюнча Азия чемпиону аталды
Спорт
Кыргызстандык өспүрүм шахмат боюнча Азия чемпиону аталды

Алгачкы жолу ата мекендик шахматтын тарыхында кыргызстандык өспүрүм Азия биринчилигин багындырып, чемпион болду. 

Өспүрүмдөр арасында өтөн шахмат боюнча Азия чемпионатында 8 жаштагы Айжан Съездбекова алтын медаль утту. Турнир Шри Ланканын Калутара шаарында өттү. Ага 23 өлкөдөн өспүрүмдөр барышкан.

Дагы бир кыргызстандык шахматчыбыз, Эржан Жакшылыков 12 жаштагылар арасында шахматтын рапид түрү боюнча күмүш байгени багынтты. Ал эми Бегимай Заирбек кызы 18 жашка чейинкилер арасында 3-орунду ээледи.