Жаңылыктар
Спорт жылдызы Валентина Шевченко Ошко келди
Спорт
Спорт жылдызы Валентина Шевченко Ошко келди

Спорт жылдызы Валентина Шевченко Ошко келди. Чемпионду Оштогу күйөрмандары жалындуу тосуп алды. Мушкер, маалымат жыйын куруп, Оштогу жаш спортчуларга мастер-класс өттү. Жаштар менен Суламан-Тоого саякат жасап, борбордук аянттагы концерттик программага катышты.

Балбан кыз апасы менен машыктыруучусунун коштооосунда келди. Шаардык бийлик мушкерге кыргыз оймосу түшүрүлгөн кемсел кийгизип, ак жоолук салды.

Ал арада, “Шевченко - биздин сыймыгыбыз” деген жазууларды кармаган Оштун күйөрмандары, мушкерди аба майдандын кире беришинде күтүп турушту.

Күйөрмандардын жалындуу тосуп алуусунан соң, массалык маалымат каражаттары үчүн маалымат жыйынын курду. Анда, балбан кыз, жеке турмушунан тартып, жетишкен ийгиликтери, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Чемпиондун туулган жерине кайта электигине 8 жыл болгон. Мекенине болгон кусалыгын ал, чоң ийгилиги жеңиш менен кайтып жазды.

Чемпион спортко 5 жашынан тартылган. 15 жашында аралаш күрөш искусствосунда дүйнө чемпиону атанган. Балбан кыздын айтымында, “аялзаты өзүнө тийиштүү назиктиги менен билектеги күчтүүлүктү айкалышытырып бирге алып кетсе болот. Ал үчүн каалоо, анан тынымсыз аракеттенүү талап кылынат.”

Спорт жылдызы Оштогу жаш спортчуларга мастер класс өтүп, аларды чыдамкайлыкка, кыйынчылыктан артка кайтпоого, көздөгөн бийиктикке жетүүгө үндөдү.

Шевченко, 2018-жылдын 9-декбарында Канадада өткөн UFC мелдешинде польшалык атаандашып жеңип, чемпион наамына жетишкен. Натыйжада, ал, КМШ мамлекеттеринин ичинде UFC версиясынын аралаш күрөшү боюнча кыз-келиндер арасындагы алгачкы мушкер болуп калды. Мына ушул тер төккөн эмгеги бааланып, мушкер 8- апрелде “Даңк” ордени менен сыйланды. Аны мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, өзү тапшырды. Таза жана татаал күрөштөгү жеңиштер -көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу экенин айткан президент, мушкерге ден-соолук, ийгилик каалаган.

Кыргызстандын желегин дүйнө элине тааныткан Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкекте төрөлгөн. Эки бир эже-сиңдинин кичүүсү. Учурда Перуда жашайт.