Жаңылыктар
Данил Браилкинди уурдагандарды кармоого катышкан ыкчам кызматкерлер сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Данил Браилкинди уурдагандарды кармоого  катышкан ыкчам кызматкерлер сыйланды

Бүгүн, Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Данил Браилкинди уурдашкан кылмышкерлерди  жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармашкан ыкчам кызматкерлерди сыйлады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ички иштер министринин буйругу менен кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарышкандыгы жана профессионалдуулугу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн зор салымдарын кошкондору үчүн, андан сырткары коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш иштеринин бетин ачышкан Криминалдык милиция кызматынын түзүмүнүн 10 кызматкери түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланышты.

Эскерте кетсек,  9-апрель күнү болжол менен саат 23:40 чамасында Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” ооруканасынын алдына белгисиз азиат улутундагы адамдар  оор абалдагы  жарандарды таштап кетишкен. Эркек адамдардын денесинде сабалгандан калган жаракаттар болуп, абалы оор болгондуктан, эстерине келбей каза болушкан. Милиция кызматкерлери өзгөчө оор кылмыш ишине шектүүлөрдүн өздүгүн ыкчам такташып,  кармашкан.

Дагы бир кылмыштуу окуя 11-апрель күнү Кант шаарында катталган. Анда окуучу бала эртең менен мектепке баратканда жолдон аны жеңил машинеге күчтөп салып кетишкен. Окуя көчөдөгү үйлөрдүн биринин видеосу камерасына тартылып калган. Анда ак түстөгү "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаадан белгисиз кишилер түшүп, баланы сүйрөп салып кеткени даана көрүнүп турат.

ИИМдин башчысы бүгүн сыйланган милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга дагы көрсөтүлө тургандыгын белгиледи.