Жаңылыктар
Россияда кыргызстандык жаш футболчулар кубок утуп келишти
Спорт
Россияда кыргызстандык жаш футболчулар кубок утуп келишти

4-10-апрелге чейин Россиянын Сочи шаарында "Келечектеги легендалар кубогу - 2019" деп аталган футбол боюнча эл аралык турнир өттү. Анда 2006-жылкы балдардан турган кыргызстандык курам кубокту утуп кайтты. Алар 6 беттеш өткөрүп, финалда Россиянын Ростов облусунун командасын куру эсеп, 4:0 менен жеңген.


Перзентим чет өлкөдө Кыргызстандын намысын коргоп, кереке жарап турат, - деген жүрөк толкундаткан сезим Манас эл аралык аэропортуна чогулган ар бир ата эненин көкүрөгүн кубанычка толтуруп турду. Улуу салтты бузбай, сапар тартып келген балдарга боорсок менен сары май камдап коюшкан.

Балдар күтүү залына кирээри менен апасы, атасы, чоң энеси маңдайларынан сылап, бетинен бир сүйүп алды. Жагымдуу, эркелеткен сөздөр үйдө уланаары байкалат. Россиянын Сочи шаарында “Келечектеги легендалар кубогу - 2019” деп аталган турнирге Кыргызстандык курам алгачкы жолу катышты. Жаш футболчулар жалпысынан 6 беттеш өткөрүп, финалда Ростов облусунун курамын 4:0 эсебинде жеңип алган.


Жаш спортчулар каршылаш дарбазага 37 жолу гол киргизип, өздөрүнүкүнө бирөөнү гана өткөрүп жиберген. Али Аюпов 10 гол киргизип, турнирдин мыкты чабуулчусу аталса, 9 голу менен Артур Фархутдинов мыкты оюнчу наамына ээ болгон.