Жаңылыктар
Президенттин парламенттеги кайрылуусуна эксперттердин пикири
Саясат
Президенттин парламенттеги кайрылуусуна эксперттердин пикири

Кыргызстан адам ресурстарына бай өлкө жана мындан аркы өнүгүү жолун дагы адам потенциалын жогорулатуу, аны өнүктүрүү менен байланыштырышы керек. Мындай пикир президент Сооронбай Жээнбековдун парламентте сүйлөгөн учурунда айтылган. Глобалдуу технологиялардын келе жаткан этабына катышпай калсак, анда биздин келечегибиз күмөн деп белгиледи президент. Саясат менен гана алектенбей, маданият, илим, билим, экономика тармагын да алдыңкы орунга коюу милдет.



Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук ыкмага өткөрүп, ар кандай маалым каттарды берүүдөгү жасалма тоскоолдуктардын жоюла баштаганы Кыргызстанда кадыресе көрүнүш болуп калды. Жол кыймылына видеокамералар аркылуу байкоо жүргүзүлүп, Коопсуз шаар долбоору жол эрежесин бузгандарды айыпка жыгып, шаар көчөлөрүн тартипке салууга чоң салымын кошууда. Бул өңдүү заманбап технологиялар акыркы эки жылдан бери эле активдүү ишке кире баштады. Адистер жыл санап маалымат технологиялар жаатындагы өзгөрүүлөр тез ыргак менен жүрүп жатканын айтышат.

Санариптештирүү же заманбап маалымат технологиялары аркылуу өнүгүү дүйнөнүн көп ийгиликтүү өлкөлөрүнө мүнөздүү. Президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө бул багытта өлкө артта калып жатканын белгиледи. Жаӊы жетишкендиктерди жашоо тиричиликке активдүү киргизүүгө муктажбыз.