Жаңылыктар
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды
Саясат
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды

Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга келбей калды. Ал бул тууралуу Москвадагы аэропорттон видеокайрылуу жасап билдирди. Бабанов мындай чечимди анын келишинен үчүнчү күчтөр пайдаланып кетет деп кооптонгону менен түшүндүрүп, 13-апрелге белгиленген тынчтык митингине чыгууну токтотууну суранды жана тарапташтарынын үмүтүн актай албасам кечирим сурайм деди. 

Эскерте кетсек, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти саясатчыга эки кылмыш ишин козгогон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. 

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген. Ал арада «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду тосуп алуу үчүн өлкөнүн аймактарында жана борбор шаарда уюштурула турган тынчтык митинги болбой турганын партиянын расмий өкүлү Канат Мидин уулу билдирди.