Жаңылыктар
Бишкекте көк бөрүчүлөр күйөрмандары менен жолугат
Спорт
Бишкекте көк бөрүчүлөр күйөрмандары менен жолугат

Бишкекте көк бөрүнүн жогорку лигасында ойногон улакчылар күйөрмандары менен жолугат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Иш-чара 14-апрель күнү борбордогу соода борборлорунун биринде болот. Ага "Ынтымак", "Достук", "Бакубат-Талас", "Көк-Жал", "Сары-Өзөн" жана "Сары-Өзөн — Рассвет" командалары катышат.

"Улакчылар күйөрмандарынын жана журналисттердин суроолоруна жооп берет. Ошондой эле оюндар уюштурулат. Мындан сырткары, эстрада ырчыларынын катышуусунда шоу-программа пландалган", — деп айтылат маалыматта. Аталган иш-чара улуттук спорттун түрлөрүн пропагандалоо жана көк бөрү оюнун өнүктүрүп, жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.